"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси Өзбекстан жана Россия менен маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, тарыхый мурастарды жайылтуу жана музей ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашуу багытында иш алып барууда.
2026-жылдын 2-октябрында музей комплексинде Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Темурийлер тарыхы мамлекеттик музейинин көчмө көргөзмөсү жана илимий-практикалык семинары ачылды. Иш-чаранын алкагында З.М. Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры «Мен ким, Бабур» тарыхый спектаклинен үзүндү тартуулап, мектеп окуучулары концерттик программа көрсөтүштү. Семинарда музей экспозицияларын жаңылоо жана музей фонддорундагы экспонаттарды реставрациялоо маселелери талкууланды.
Эл аралык кызматташтыктын алкагында 2026-жылдын 23-сентябрында Россиянын Ярославль шаарындагы В.Г. Извеков атындагы музейде «Ош — Кыргызстандын түштүк борбору» аттуу фотокөргөзмө ачылды. Көргөзмөдө Ош шаарынын 3000 жылдык тарыхын, жаратылышын, этнографиялык баалуулуктарын, улуттук кийимдерин жана ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоону чагылдырган материалдар коюлду. Иш-чаранын алкагында шаарлар ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо жана музейлер аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери да каралды. Көргөзмө 19-октябрга чейин уланат.
Мындан тышкары, музей комплексинин кызматкерлери кесиптик билимдерин өркүндөтүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу максатында чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн окуу курстарына жана эл аралык программаларга катышышты. Башкы директордун өнүгүү иштери боюнча орун басары Н. Сапарбаева Россиянын Казань шаарында музей кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсуна, эсепке алуу жана казынаны сактоо бөлүмүнүн башчысы А. Каримова Казакстандын Алматы шаарында ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган «Борбордук Азияда материалдык эмес маданий мурасты музейлер аркылуу сактоо» аттуу эл аралык окууга, ал эми улук илимий кызматкер И. Эгемназаров Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн «Хранители памяти» эл аралык программасына катышты.
Аталган иш-чаралар тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана изилдөө, музейлердин кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык маданий байланыштарын чыңдоо үчүн маанилүү кадам болуп саналат.


