Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы №299 "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-декабрынан тартып кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 000 сомго жогорулатылып, ошол эле учурда укук коргоо органдарында жана аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн төлөнүүчү үстөк акылар азайтылат.
Кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын ай сайынкы акчалай камсыздоосунун өлчөмү ээлеген кызматына, атайын наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жана мыйзамдарда каралган башка төлөмдөргө жараша өзгөрөт.
Тактап айтканда, кызматка биринчи жолу кабыл алынган, кызмат өтөгөн жылдары жок, атайын алгачкы наам жана кызматтык маалыматтар менен иштегендиги үчүн үстөк акы албаган кызматкердин айлык акысы кеминде 4 000 сомго көбөйөт.
Пенсиялык компенсация алууга жетиштүү кызмат өтөгөн жылдары бар кызматкерлердин акчалай камсыздоосу ээлеген кызматына жана кызмат өтөгөн жылдарына жараша 10 000 сомдон ашык өлчөмдө жогорулатылат.
Мындан тышкары, кызматтык маянанын жогорулашына байланыштуу эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттардын, кызматтан бошотуу жөлөкпулдарынын жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү да көбөйөт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсиялары тиешелүү түрдө жогорулатылып, көбөйүү өлчөмү 10 000 сомго чейин жетет.