Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги: Талас облусу жана Чүй облусу финалда беттешет
Новость

Бүгүн, 25-октябрда Ош шаарындагы Төлөкөй ат майданында Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинин жыйынтыктоочу оюндары өтөт.

13:00дө Талас облусу жана Чүй облусу командалары финалда күч сынашат.

Бул кызыктуу беттешти УТРК каналынан түз эфирде көрө аласыздар.