Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда социалдык колдоо, пенсиялык камсыздоо, алимент өндүрүү, турак жай менен камсыз кылуу, жол жана спорт инфраструктурасын өнүктүрүү, ишкерликти жана айыл чарбасын колдоо маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле жер талаштарына, жарандардын укуктарын коргоого жана айрым укук бузууларды териштирүүгө байланыштуу кайрылуулар айтылды.

Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга пенсиялык камсыздоо, алимент төлөө жана социалдык жардам көрсөтүү маселелери боюнча кайрылууларды кароону тапшырды. Жер жана мүлк талаштарына, ошондой эле мүмкүн болгон укук бузууларга байланыштуу айрым кайрылуулар боюнча зарыл текшерүүлөрдү жүргүзүүнү жана мыйзамдардын алкагында чараларды көрүүнү талап кылды.

Инфраструктураны өнүктүрүүгө, жолдорду жакшыртууга, спорт аянтчаларын курууга жана ишкерлер үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Президент жергиликтүү бийлик органдарына жеңилдетилген насыя берүү, турак жай көйгөйлөрүн чечүү жана жер тилкелерин пайдаланууну тартипке келтирүү маселелерин иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле билим берүү мекемелериндеги шарттарды жакшыртуу жана айыл чарба демилгелерин колдоо маселелери да каралды.