Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов коло медалды багындырды.
82 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан балбан коло медаль үчүн беттеште кытайлык Халишань Бахэцзян менен кез келди. Жыйынтыгында 6:5 эсебинде жеңишке жетишип, Дүйнө чемпионатынын коло медалын багындырды.