Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигин Чүй облусу командасы жеңип алды
Новость

Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Быйылкы республикалык биринчиликте күч сынашкан командалардын арасынан Чүй облусу командасы жеңишке жетти. Ал эми Талас облусу командасы экинчи орунду, Ош облусу командасы үчүнчү орунду ээледи.

Ошондой эле мелдештин жүрүшүндө өзүн мыкты көрсөткөн оюнчулар жана кызматкерлер ар кандай номинациялар менен сыйланышты. Алар:

Мыкты оюнчу: Бекболот уулу Исхак

Мыкты коргоочу: Бакытбек уулу Кутман

Мыкты чабуулчу: Акылбек уулу Байыш

Мыкты жаш оюнчусу: Абдраимов Майрамбек

Мыкты аргымак: Байтору

Мыкты калыс: Айдаралиев Иман