Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнүндө 4 кыргызстандык балбандар күч сынашат. Бул күнү 63, 67 жана 87 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.
63 кг чейин: Афтандил Таалайбек уулу биринчи айлампаны өткөрүп жиберет. Ал чейрек финалга чыгуу үчүн Корнелиу Русу (Молдова) жана Карен Асланян (Армения) жуптуулугунун жеңүүчүсү менен кез келет.
67 кг чейин: Раззак Бейшекеев 1/16 финалдык баскычта казакстандык Багдат Сабаз менен беттешет.
87 кг чейин: Азат Салидинов алгачкы таймашында грузиялык балбан Лаша Гобадзеге каршы килемге чыгат.
Ошондой эле, 72 кг чейинки салмак категориясындагы көңүл жубатуучу беттеште Амантур Исмаилов швециялык балбан Хенрик Дален менен күрөшөт.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат. Дүйнө чемпионаты УТРК СПОРТ каналынан көрсөтүлөт.