Президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, жүзөгө ашырылган долбоорлор, учурдагы иштер жана келечек пландар менен таанышты.

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, райондун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 1 млрд 239,1 млн сомдон 2025-жылы 3 млрд 427,3 млн сомго чейин өскөн. 2026-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 3 млрд 202,5 млн сомду түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4 млрд 270 млн сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө. 2021-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 276,6%ды түзгөн.

2021–2026-жылдары райондо төрт мектеп, төрт бала бакча, эки маданият үйү, аэропорт, үч спорт объектиси, беш фельдшердик-акушердик пункт, эки айылдык китепкана жана төрт административдик имаратты камтыган 33 объект пайдаланууга берилип, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

Бул мезгилде ишкерлер тарабынан сегиз объект пайдаланууга берилген. Тартылган инвестициялардын көлөмү 160,2 млн сомду түзүп, 86 жумуш орду түзүлгөн. Алардын катарында беш тигүү цехи, мал союучу ишкана жана эмерек цехи бар.

2026-жылы жалпы инвестиция көлөмү 133 млн сомду түзгөн үч долбоорду ишке ашыруу башталган. Анын алкагында 48 жумуш ордун түзүү каралган. Долбоорлордун катарына бир көмүр кенин өздөштүрүү жана эки асфальт-бетон заводун куруу кирет.

Ирригация тармагында 2021–2025-жылдары 15,5 млн сом өздөштүрүлсө, 2026-жылы тиешелүү иштерге кошумча 10,5 млн сом бөлүнгөн.

Республикалык бюджеттин жана Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен Тогуз-Торо райондук маданият үйүнүн фасады капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Долбоордун наркы 25 млн сомду түзөт.

Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун жана «Сармат» ЖЧКсынын колдоосу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн «Аракет» реабилитациялык борбору курулган. Ички жабдууларды жана эмеректерди сатып алуу Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланган. Долбоордун жалпы наркы 18 млн сомду түзөт.

Учурда Арал айылында 75 орундуу «Айзирек» бала бакчасынын курулушу уланууда. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 43,7 млн сом бөлүнгөн.

Карл-Маркс айылында 150 орундуу «Саймалуу-Таш» № 11 орто жалпы билим берүү мектебинин курулушу жүрүүдө. Аны каржылоого Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 106 млн сом каралган.

Ошондой эле Дөдөмөл айылында 70 орундуу «Наристе» бала бакчасынын курулушу уланууда. Долбоордун наркы 49,8 млн сомду түзөт, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Райондун аймагында ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири — жалпы долбоордук кубаттуулугу 912 МВт болгон үч гидроэлектр станциясын камтыган Казарман ГЭСтер каскадын куруу.

Мындан тышкары, Тогуз-Торо районунун аймагы аркылуу курулуп жаткан «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун 70 чакырымдык бөлүгү өтөт.

Кошумча каржылоону талап кылган долбоорлордун катарында Казарман айылында болжолдуу наркы 110 млн сом болгон автобекет куруу, ошондой эле Түндүк — Түштүк альтернативдүү автомобиль жолунун боюндагы Каргалык айыл аймагында муниципалдык мал базарын ачуу белгиленген. Акыркы долбоордун алдын ала наркы 50 млн сомду түзөт.

Ошондой эле А. Жакишов атындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү каралган. Долбоордун болжолдуу наркы 117 млн сом.

Ирригация тармагында 800 га жерди сугат суу менен камсыздоого мүмкүндүк бере турган «Кара-Талаа» каналын курууну баштоо зарылдыгы белгиленген. Долбоордун алдын ала наркы 400 млн сомду түзөт.

Мындан тышкары, 2 456 га жерди сугарууга мүмкүндүк бере турган «Ак-Күп» каналын куруу пландалууда. Долбоордун сметалык наркы биринчи этап үчүн 440 млн сомду, экинчи этап үчүн 560 млн сомду түзөт.

Дагы бир артыкчылыктуу долбоор — Казарман айылын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу системасын калыбына келтирүү. Долбоордун болжолдуу наркы 300 млн сомду түзөт.

2021-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде райондо 43,4 чакырым жол асфальтталган.