Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло медалга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды
Новость

Бүгүн, 26-октябрда Астанада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов (72 кг чейин) көңүл жубатуучу беттеште жеңишке жетти.

Ал медаль үчүн күрөшүүгө жолдомо берүүчү таймашында Швециянын өкүлү Хенрик Даленди 50 секунддан ашыгыраак убакыттын ичинде 9:0 эсебинде артта калтырды.

Эми Амантур Исмаилов Дүйнөлүк биринчиликтин коло байгеси үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды.