26-октябрда Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу инстаграмдагы Чыңгыз Айтматов баракчасына жарыяланды.
Роза Айтматова коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери жана жазуучу Чынгыз Айтматованын карындашы эле.
Ал 1937-жылы 8-мартта Кыргыз АССРинин мамлекеттик ишмери Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы камакка алынгандан кийин бир туугандары менен көп жылдар бою оор шарттарда жашашкан.
Роза Айтматова жогорку билимди Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетинде алып, андан соң аспирантураны бүтүргөн. И. Арабаев атындагы Кыргыз педагогикалык университетинде физика сабагынан сабак берген.
Илимпоз, коомдук ишмер, Кыргызстандагы гендердик кыймылдын негиздөөчүсү, 1995-жылы өткөн Пекин аялдар конференциясынын катышуучусу. Өлкөдө алгачкылардан болуп "Гендердик мектепти" негиздеп, аял-лидерлердин жаңы муунун тарбиялаган. БУУнун Аялдарга карата бардык түрдөгү дискриминацияны жоюу боюнча Конвенциясын кыргыз тилине которгон.
1987–2007-жылдары Роза Айтматова АКШда жашап, ал жерде эл аралык маданий жана билим берүү долбоорлоруна, анын ичинде Чынгыз Айтматовдун Эл аралык фондунун "Дебют" долбооруна катышкан. Ошондой эле ал коомдук жана саясий ишмердүүлүк менен алектенип, Кыргызстандын парламентинин депутаты болгон.