Бүгүн, 26-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында Баткен окуясынын 26 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, КР Президетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Винера Раимбачаева, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, Түштүк аймактык Баткен жоокерлер кеңешинин төрагасы, камыктагы полковник Кайрат Матмусаев, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө эскерүү сөздөр айтылып, эстеликке гүл коюлуп, курман болгон жоокерлердин элесине багыштап куран окулду.
Белгилей кетсек, курман болгон баатырлардын эрдигин түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурастарды сактоо, жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо, ошондой эле аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатуу максатында, 26-октябрь – 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди Эскерүү күнү деп белгиленген.
Ошол мезгилдеги бандиттик түзүлүштөрдү жок кылуу максатында республиканын аймактарынан жалпы 5 800 жаран тартылган. Алардын ичинен 600дөн ашуун аскер кызматкери Ош шаарынан катышкан. Учурда Ош шаарында бул окуялардын 410 ардагери жашайт. Алардын арасында 6 майыптыгы бар ардагер болсо, 8 жоокер курман болгон.

