Ислам өнүктүрүү банкы менен маанилүү кадамдар жасалууда. Ош шаарынын саламаттыкты сактоо тармагында маанилүү реформаларга жол ача турган чоң долбоорлор колго алынууда.
Шаарга атайын иш сапары менен келген Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жергиликтүү медициналык мекемелердин абалы менен таанышып, Төлөйкөн айылындагы мурдагы балдар кургак учук санаторийинин аймагында заманбап онкологиялык борборду, ал эми Кең-Сай конушунда 400 орунга ылайыкталган жаңы жугуштуу оорулар ооруканасын куруу пландалган жерлерди жеринен көрүп чыгышты.
Иш сапардын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова менен жолугушуу өтүп, долбоорлорду ишке ашыруунун конкреттүү кадамдары талкууланды.
Шаар тургундарына жана түштүк аймагынын калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрө турган бул масштабдуу демилгелер саламаттыкты сактоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.