Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга миссиянын жетекчиси, шаарды өнүктүрүү боюнча башкы адис Жиа Хонг, долбоорлор боюнча улук адис Самат Сукеналиев жана долбоорлор боюнча аналитик Жамиля Батаева катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаар куруу тармагын санариптештирүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Башкармалыктын өкүлдөрү санариптик чечимдерди киргизүү, иш процесстерин автоматташтыруу жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти.
Санариптик трансформациянын натыйжаларына, башкармалыктын ишмердүүлүгүндө маалыматтык системаларды практикалык колдонууга жана санариптик инструменттерди мындан ары өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыктын келечеги жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты. Бул кызматташтык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, административдик жол-жоболордун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, ошондой эле шаар куруу жана архитектура тармагына заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган.
