Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Тажикстанда өткөн эл аралык турнирде коло медалга ээ болду
Новость

2026-жылдын 25-октябрында Тажикстанда дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Фадиль Исмагомбетов "Гран-при Душанбе 2026" эл аралык турниринде коло медалга ээ болду.

21 жашка чейинки уландар арасында өткөн эл аралык мелдеш 24-25-октябрь күндөрү Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) эгидасы астында Душанбе шаарынын Теннис сарайында болуп өттү. Мелдешке дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн 227 спортчу катышты.

100 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Кыргызстандын өкүлү Фадиль Исмагомбетов үчүнчү орунду ээлеп, байгелүү коло медалга ээ болду.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 100 кг салмакта россиялык Владимир Досяк жеңүүчү аталса, экинчи орунду грузиялык Николоз Заалишвили ээледи. Ал эми коло медалдар Фадиль Исмагомбетовго (Кыргызстан) жана Давуд Намазлиге (Азербайджан) буйруду.

Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын маалыматына караганда, бул коло медаль ата мекендик дзюдонун кезектеги маанилүү ийгилиги жана жаш спортчулардын эл аралык аренадагы татыктуу жыйынтыгы болду.

Аннотация 2026-10-26 175209.jpg 78.4 KB