Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер арасындагы күрөштөр башталат. Бул күнү 50, 57, 65 жана 76 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.
Кыргызстандын атынан бул күнү эки спортчу кыздар күч сынашат:
65 кг чейин: Гулнура Таштанбекова биринчи айлампаны өткөрүп жиберет. Ал чейрек финалга чыгуу үчүн Анисета Акоста жана Соломия Винник жубунун жеңүүчүсү менен беттешет.
76 кг чейин: Айпери Медет кызы чейрек финалга чыгуу үчүн болгон алгачкы таймашында египеттик Самар Хамза менен күрөшөт.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат. Таймаштарды УТРК СПОРТ каналынан көрө аласыздар.