Коомдук ишмер Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты 2026-жылдын 28-октябрында саат 10:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Роза Айтматова 26-октябрда көз жумду. Ал 89 жашта эле. Роза Айтматова 1937-жылдын 8-мартында Москва шаарында төрөлгөн. Жалпы орто билимди Талас шаарында алган. Андан соң Фрунзе шаарындагы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) аяктаган. Ал өмүрүнүн олуттуу бөлүгүн илимий-педагогикалык ишке, билим берүүнү өнүктүрүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоого арнаган.
Илимий-педагогикалык иш менен катар Роза Айтматова коомдук иштерге да жигердүү катышкан. Ал Кыргызстандагы заманбап аялдар кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, аялдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана аялдардын коомдук турмушка катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында ырааттуу иш алып барган. «Аялдарга жардам берүү борбору» коомдук бирикмесин жетектеп, жарандык коомду өнүктүрүүгө, коргоого жана жардамга муктаж аялдарга колдоо көрсөтүүгө олуттуу салым кошкон.