Министрлер Кабинети Кыргызстандын аймагына алмаларды ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизди
Новость

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагына алмаларды ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Документтин максаты Кыргыз Республикасынын багбанчылык чарбаларын колдоо, 2026-жылдагы алмалардын түшүмүн өз убагында сатуу үчүн шарттарды түзүү жана тармактын өндүрүштүк потенциалын сактоо. 

Ага ылайык төмөнкүлөрдү кошпогондо, ЕАЭБ ТЭИ ТН 0808 10 100 0–0808 10 800 8 коддору менен классификациялануучу алмаларды үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден 2027-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди: 

1) жүктөп жөнөтүлгөн датасын жана багытын ырастаган документтер болгондо, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү алмаларды, анын ичинде аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө бир мамлекеттин аймагынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө экинчи мамлекеттин аймагына ташууда;

2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бажы органына жөнөтүлгөн жана көрсөтүлгөн жагдайларды ырастоочу расмий каты болгондо, бул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын дарегине жүктөп жөнөтүлгөн алмаларды. 

Чечимди аткаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ведомстволорго тийиштүү тапшырмалар берилди, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.