Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө
Новость

Өлкө аймагындагы темир жолдун бардык тилкелеринде иштер уланууда. Курулушта 10 миңден ашуун жумушчу жана 6 жарым миңден ашуун оор техника иштеп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда долбоордо каралган 29 тоннелдин 28инде казуу жана куруу иштери жүрүп жатат. Алардын бири толугу менен казылып бүттү.

Ошондой эле пландагы 50 көпүрөнүн 47синде курулуш иштери аткарылууда.