Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт
Новость

Казакстандын борбору Астана шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты өтүүдө. 

76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы финалга чыгуу үчүн болгон таймашта утулуп калды.

Ал жарым финалда индиялык балбан Каджал Каджал менен кез келип, 7:10 эсебинде жеңилип калды.

Муну менен Айпери Медет кызы чемпионаттын коло медалы үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анын 3-орун үчүн боло турган таймаштагы атаандашы эртең, 28-октябрда көңүл жубатуучу беттештерден кийин аныкталат.