Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Талаа айылында жаңы окуу жылынын башталышы менен А. Абдыкеримов атындагы мектеп пайдаланууга берилди. Учурда окуучулар заманбап шарттары бар мектепте билим алышууда.
Объекттин курулушу 2023-жылдын октябрь айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Жалпы наркы 96 миллион сомду түзөт.
Долбоорго ылайык, мектеп 150 окуучуга ылайыкталган, мараттын жалпы аянты 1 351 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залы каралган.
Белгилей кетсек, Ак-Талаа айылындагы эски мектеп 1983-жылы ашар жолу менен курулган. Анда спорт зал жана ашкана болгон эмес.
Жаңы мектептин салынышы мугалимдердин жана балдардын көптөн күткөн кыялы болду.