Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты.
Ал 68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда. Жарым чейрек финалда Мээрим Жуманазарова америкалык Кеннеди Блейдс менен болгон беттеште алгач утулуп жатып, таймаштын акыркы мүнөттөрүндө каршылашын далысын килемге тийгизип (туше ыкмасы менен) таза жеңишке жетишти.
Эми финалга чыгуу үчүн боло турган чечүүчү таймашта ал монголиялык балбан Делгермаа Энхсайханы менен күрөшөт.