Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты
Новость

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу чейрек финалга чыкты.

65 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан спортчу өзбекстандык Машрабжон Узаковду 9:1 эсебинде ишенимдүү жеңип алды.

Жарым финалга чыгуу үчүн боло турган кезектеги беттеште ал Болгариянын атынан катышып жаткан Шамиль Мамедов менен күрөшөт.