Бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен келди.
“Манас” эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Расмий сапардын алкагында өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт, мындан тышкары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумуна катышат жана кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин он төртүнчү жыйынын өткөрүшөт.
