Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Ал Астанада өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин финалында 68 килограммга чейинки салмакта кытайлык Жиа Лонг менен күрөшүп, 4:3 эсебинде жеңилди.
Жуманазарова мелдешин 1/8 финалдан баштап, индиялык Шришти 5:1 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Париж Олимпиадасынын коло байге ээси, америкалык Кеннеди Блейдсти тушеге басып, мөөнөтүнөн мурда утуп алган.
Жарым финалда Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энхсайханды 5:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.
Мээрим Жуманазарова буга чейин 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган