Бүгүн Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча 3 балбан беттешке чыгат
Новость

Бүгүн, 30-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жетинчи күнүндө эркин күрөш боюнча мелдештер уланат. Бул күнү балбандар 61, 70, 86 жана 125 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашат.

61 кг чейинки салмакта Өмүрбек Асан уулу мелдешти 1/16 финалдан баштайт. Анын алгачкы атаандашы Казакстандын өкүлү Асыл Айтакын болот.

70 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев биринчи айлампаны өткөрөт. Ал эми чейрек финалга чыгуу үчүн Пуэрто-Риконун өкүлү Исмаэль Аюб жана Канаданын балбаны Лахлан Макнилдин беттешинин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

86 кг чейинки салмактп Малик Шаваев мелдешти 1/32 финалдан баштайт. Анын алгачкы атаандашы Пуэрто-Риконун өкүлү Итан Рамос болот.

Кыргызстандын курамасы 125 кг чейинки салмак категориясында катышпайт.

Алдын ала беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат. Таймаштар УТРК СПОРТ каналынан көрсөтүлөт.