Өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Расмий тосуп алуу аземинде Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен Казакстандын Премьер-министринин саламдашуусунан кийин, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, андан соң өкмөт башчылары Ардактуу кароолдун алдынан өтүштү.
Азем учурунда алар желекке таазим кылышты. Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Ардактуу кароолго кайрылып: “Салам, аскер!” - деп саламдашты.
Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.


