Малик Шаваев Дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады
Новость

Кыргызстандык балбан Малик Шаваев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады.

86 килограммга чейинки салмакта күч сынашып жаткан Шаваев 1/32 финалда Пуэрто-Риконун өкүлү Итан Рамосту 10:4 эсебинде утту.

Эми кыргызстандык балбан 1/16 финалда Швейцариянын өкүлү Умар Мавлаев менен беттешет.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жатат.