Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитине катышуу үчүн Президенттик сарайга келди.
Иш-чара башталганга чейин уюмга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчыларын Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган тосуп алды.
Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.



