Малик Шаваев Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыкты
Новость

Кыргызстандык балбан Малик Шаваев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыкты.

Астана шаарында өтүп жаткан мелдеште эркин күрөш боюнча 86 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Шаваев 1/16 финалда Швейцариянын өкүлү Умар Мавлаевди мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Кыргызстандык балбан атаандашын 5:0 эсебинде утуп, туше ыкмасы менен жеңишке жетти.

Эми Шаваев чейрек финалга жолдомо алуу үчүн ирандык Камран Гасемпур менен беттешет.