Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты
Новость

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында 70 кг салмак категориясында күч сынашкан Кыргызстандын балбаны Эрназар Акматалиев мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштады.

Алгачкы беттешинде Акматалиев канадалык Лахлан Макнил Мауристи 2:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Эми кыргызстандык балбан жарым финалга жолдомо алуу үчүн Түркиянын өкүлү Ферхат Килич менен күч сынашат.