Малик Шаваев Астанадагы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты
Новость

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Малик Шаваев кезектеги мелдеште жеңишке жетишти.

86 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан балбан ирандык Камран Гасемпур менен болгон беттеште 2:1 эсебинде уттуруп жатып, каршылашын далысын килемге тийгизип (туше ыкмасы менен) таза жеңишке жетишти жана турнирдин чейрек финалына жолдомо алды.

Эми жарым финалга чыгуу үчүн боло турган чечүүчү таймашта Малик Шаваев америкалык таанымал балбан Кайл Дейк менен кез келет.