Эрназар Акматалиев Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды.
70 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Акматалиев чейрек финалда түркиялык Ферхат Кылычты 8:3 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Эске салсак, кыргызстандык балбан мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгачкы беттешинде канадалык Лахлан Макнил Мауристи 2:0 эсебинде уткан.
Акматалиев буга чейин дүйнө чемпионаттарында үч медаль жеңген. Ал 2021-жылы күмүш, 2022 жана 2025-жылдары коло медалдарга ээ болгон.