Малик Шаваев чейрек финалда жеңилди
Новость

Кыргызстандык  балбан Малик Шаваев спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында жеңилди. 

Астана шаарында өтүп жаткан мелдеште 86 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Шаваев чейрек финалда америкалык Кайл Дейк менен беттешип, атаандашына 6:2 эсебинде утулду.

Буга чейин кыргызстандык балбан 1/32 финалда пуэрто-рикалык Итан Рамосту 10:4 эсебинде, 1/16 финалда швейцариялык Умар Мавлаевди 5:0 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда ирандык Камран Гасемпурду туше ыкмасы менен уткан.