Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Астанада өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде 70 килограммга чейинки салмакта катышкан Акматалиев жарым финалда америкалык Зейн Резерфордду 3:2 эсебинде жеңди.
Алтын медаль үчүн беттеште Европа чемпиону, орусиялык Ибрагим Ибрагимов менен күч сынашат.
Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатын 1/8 финалдан баштап, алгач канадалык Лахлан Макнилди 2:0, чейрек финалда түркиялык Ферхат Кылычты 8:3 эсебинде уткан.