Бүгүн Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын төрт балбаны эркин күрөш боюнча мелдеш өткөрөт
Новость

31-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер уланат. Мелдештин сегизинчи күнүндө Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 57, 74, 79 жана 92 кг салмак категорияларында күч сынашат.

57 кг чейинки салмакта Абдымалык Карачов алгачкы беттешин 1/32 финалдык баскычта Молдованын өкүлү Андрей Витанга каршы өткөрөт.

74 кг чейинки салмакта Орозобек Токтомамбетов биринчи айлампаны өткөрүп жиберип, 1/16 финалдык баскычта америкалык балбан Жеймс Грин менен беттешет.

79 кг чейинки салмакта Жакшылык Байташов 1/8 финалга чыгуу үчүн Түндүк Македониянын өкүлү Расул Шапиев менен күч сынашат.

Ал эми 92 кг чейинки салмак категориясында Яков Чаплин 1/16 финалдык баскычта Түркиянын өкүлү Фатих Алтунбас менен беттешет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат. Таймаштар УТРК СПОРТ каналынан көрсөтүлөт.