Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Малик Шаваев (86 кг чейин) Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында көңүл жубатуучу беттеште жеңишке жетти.
Мекендешибиз монголиялык балбан Батбилгун Наадамбатты 7:4 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Эми ал үчүнчү орун үчүн беттеште Россиянын өкүлү Ибрагим Кадиев менен күч сынашат.
Коло медаль үчүн беттеш бүгүн, 31-октябрда, Бишкек убактысы боюнча саат 19:20да өтөт.