Садыр Жапаров: Милиция кызматкери болуу – ар кимдин эле колунан келе бербей турган, өзгөчө кыраакылыкты, ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Ички иштер министрлигинин өздүк курамын кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматынын полкунда өттү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө кыргыз милициясы бир кылымдан ашуун тарыхында татаал тарыхый сыноолорду башынан өткөрүп, элге кызмат кылуу, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү деген негизги милдетин аткарууга жан үрөп келгенине токтолду.

Тарыхтын оор мезгилдерине жана коомдук-саясий өзгөрүүлөргө карабастан, ички иштер органдарынын кызматкерлери мамлекеттин жана коомдун алдындагы өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып келишти.

“Соңку алты жылдан бери мамлекет ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарын жаңылоого, өздүк курамдын социалдык шарттарын жакшыртууга жана заманбап санариптик технологияларды ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп келе жатат.
Ички иштер органдарынын кызматкерлерине дем берүү максатында алардын айлык маянасын жана ардагерлердин пенсиясын жогорулаттык”, - деди Садыр Жапаров. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып ИИМ кызматкерлери жогорулатылган айлык акы, ал эми ардагерлер көбөйтүлгөн пенсия ала баштаарын билдирди.

Президент милиция кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бурду. Ал алардын ар бири кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарып, кесиптик деңгээлин тынымсыз жогорулатып, коом алдындагы жогорку жоопкерчилигин сезиши керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти так сактоосу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл экенине көңүл бурду.

“Албетте, милиция кызматкери болуу – ар кимдин эле колунан келе бербей турган, өзгөчө кыраакылыкты, ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип. Демек, сиздер рухий жактан да, билим жактан да күчтүү болушуңар керек. Бирок, күчтүн жанында калыстык, чечкиндүүлүктүн жанында сабырдуулук, мыйзамдуулуктун жанында адилеттүүлүк ар дайым коштоп жүрүүсү шарт.

Кадырлуу ардагерлер, Сиздер ар кандай кыйчалыш мезгилдерде Мекенибиздин тынчтыгын сактап, элибиздин коопсуздугу үчүн бүткүл өмүрүңүздөрдү арнап, кызмат өтөдүңүздөр. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон эмгек жолуңуздар: чиеленишкен татаал кырдаалдарда кабыл алган чечимиңиздер жана кызматка болгон ак ниет мамилеңиздер жаш милиционерлер үчүн өрнөк болуп кала берет”, - деди Президент.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров коомдук коопсуздукту жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн, экономика, билим берүү жана инфраструктура тармактарындагы стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун, ошондой эле жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуунун негизги шарттарынын бири экенин айтты.

“Бул аракеттердин баары, эң биринчи кезекте, туруктуу коомдук чөйрөнү жана мыйзам үстөмдүгүн талап кылат. Демек, коомдук коопсуздугун камсыз кылуу – өнүгүүгө жол ачкан негизги багыттардын бири!

Ошондуктан, элибиздин коопсуздугун камсыздоону жакшыртуу максатында заманбап мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, ишмердикти жогорулатууга багытталган иш-чараларды күчөтүүбүз керек”, - деп жыйынтыктады Мамлекет башчысы.