Ош шаарынын мэри студенттер менен жолугушту
Новость

Бүгүн 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Студенттер менен бир күн” аттуу иш-чаранын алкагында шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы Ош мамлекеттик университетинин жатаканасындагы студенттердин жашоо шарттары менен таанышып, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Ошондой эле студенттердин жетишкендиктери менен таанышып, журналистика факультетинин жаштары менен пикир алышты.

Андан соң Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттердин волейбол оюнуна күбө болуп, спорт адистигинде билим алып жаткан жаштар менен баарлашты.

Ош технологиялык университетинде заманбап лабораторияларды көрүп, студенттердин практикалык иштери менен таанышты. Ал эми Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде жаштардын стартап долбоорлорун, тигүүчүлүк жана дизайн багытындагы иштерин көрүп чыкты.

Жанарбек Акаев жаштардын сапаттуу билим алуусуна, кесиптик жактан өнүгүүсүнө жана өз демилгелерин ишке ашыруусуна шарт түзүү маанилүү экенин белгилеп, студенттердин сунуш-пикирлери көңүл сыртында калбай турганын билдирди.

Жолугушуулар студенттердин жашоо шарттары жана билим алуу процесси менен жеринен таанышуу, аларды түйшөлткөн маселелерди угуу, сунуш-пикирлерин эске алуу жана жаштардын демилгелерин колдоо максатында уюштурулду.