Түрк академиясында Чыңгыз Айтматовдун мурасы талкууланып, кыргыз адабият таануучусу Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдыгы белгиленди
Новость

Астана шаарында Түрк академиясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институту менен биргеликте «Чыңгыз Айтматов жана түрк элдеринин адабий байланыштары» аттуу эл аралык конференция өткөрдү. Бул иш-чара кыргыздын белгилүү окумуштуу-адабият таануучусу, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдыгына арналды.

Конференция Казакстан менен Кыргызстандын таанымал окумуштууларын, жазуучуларын, адабият таануучулары жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүн бириктирди. Катышуучулар түрк дүйнөсүндөгү адабий байланыштарды, анын ичинде казак жана кыргыз адабиятынын жаатындагы кызматташтыкты, Чыңгыз Айтматовдун түрк элдеринин адабиятындагы ордун, ошондой эле түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдөгү адабияттын ролун талкуулашты.

Конференцияны ачып жатып, Түрк академиясынын вице-президенти Асхат Кесикбаев катышуучуларга Академиянын президенти, академик Шаин Мустафаевдин куттуктоосун жеткирди. Өз сөзүндө ал жалпы тарыхый эс тутумга, маданий салттарга жана руханий баалуулуктарга негизделген казак жана кыргыз адабияттарынын өз ара байланыштарын изилдөө заманбап түркологиялык изилдөөлөрдө маанилүү орунду эээлерин белгиледи.

Конференциянын ишине Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси, профессор Бауыржан Омаров, Казакстандын Курултайынын (Парламентинин) депутаты Жанарбек Ашимжан, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кайрат Иманалиев, Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институтунун директору, юбилей ээси Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилигинин дипломаттары, ошондой эле эки өлкөнүн изилдөөчүлөрү жана адабий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Абдылдажан Акматалиевдин дарегине Казакстандын жетекчилигинен куттуктоолор айтылды. Бауыржан Омаров Казакстан Республикасынын Вице-президенти Ерлан Кариндин куттуктоо каты окуп берди. Улытау облусунун акими Есет Байкендин куттуктоосун мамлекеттик жана коомдук ишмер Мухамбет Копеев окуп берди.

Конференциянын алкагында академик Абдылдажан Акматалиев Түрк академиясына белек катары тапшырган китептердин көргөзмөсү болуп өттү. Экспозицияны анын кыргыз адабиятына, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана түрк элдеринин адабий байланыштарына арналган өзүнүн илимий эмгектери жана адабият таануучулук изилдөөлөрү түздү.

Катышуучулар түрк дүйнөсүнүн адабиятын жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө чоң салым кошкон А. Акматалиевдин илимий мурасына жана изилдөө ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту. Анын эмгегин баалоонун белгиси катары Түрк академиясынын атынан ага салттуу чапан кийгизилди.

Маданий программада манасчы Азиз Биймырза уулу «Манас» кыргыз эпосунун үзүндүлөрүн аткарды. Ошондой эле эки элдин оозеки поэзия салттарын улантып келе жаткан кыргыздын акын-импровизатору Нурсултан Малдыбаевдин куттуктоо иретиндеги сөзү болду.

Түрк академиясы буга чейин да эки элдин адабий жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган казак жана кыргыз интеллигенциясынын катышуусунда илимий жолугушууларды жана форумдарды уюштуруп келген.