МинКаб башчысы Жогорку Кеңеште реалдуу сектордогу абал туурасында баяндама жасады
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынындагы бюджеттин аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары тууралуу отчетунун алкагында реалдуу сектордогу жалпы абал туурасында баяндама жасады.

МинКаб башчысы өз сөзүндө реалдуу сектордо өсүш сакталып жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2025-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмү 799,7 млрд сомду түзүп, 10,6 пайызга өскөн. Быйылкы жылдын 10 айында болсо 770,9 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүш 5,2 пайызды түзгөн.

Адылбек Касымалиев «100 өнөр жай ишканасы» долбоорунун жыйынтыгына өзгөчө токтолду. Анын айтымында, өткөн жылы 119, быйыл 71 ишкана ишке киргизилгенин белгилеп, Токмоктогу дөңгөлөк иштетүүчү, Ивановкадагы айнек-пластик түтүк чыгаруучу, Манастагы металл конструкцияларын чыгаруучу заводдорду жана Балыкчыдагы «Алтын Логистик» борборун мисал катары келтирди. Инвестициялардын көлөмү 1 млрд 891,8 млн долларга жеткен. Жыл аягына чейин дагы 47 ишкана ишке кирет.

Энергетиканы стратегиялык тармак деп атаган МинКаб Төрагасы, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо аяктап, кубаттуулугу 1 440 мегаваттка жеткирилгенин белгиледи. Ошондой эле 2021-жылдан бери өлкөдө 35 чакан ГЭС ачылганын, жыл аягына чейин «Орто-Токой» ГЭСи жана дагы 6 чакан ГЭС ишке кирерин белгиледи. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев күн энергиясы иш жүзүндө өнүгө баштаганын, Кеминде жана Тору-Айгырда ири күн станциялары ачылганын билдирди. Камбар-Ата – 2 ГЭсинде экинчи гидроагрегатты орнотуу иштери жүрүп жатканын, ал 2028-жылы бүтөрүн, ал эми Камбар-Ата – 1 ГЭСи боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасы өткөрүлгөнүнө токтолду.

МинКаб башчысы курулуш тармагында 10 айда сектор 61,5 пайызга өскөнүн белгиледи. Быйыл 262 социалдык объект курулуп, оңдолгонун, анын ичинде 104 мектеп, 39 бала бакча, 32 саламаттык сактоо, 62 маданият жана спорт объектиси бар экенин айтты. Бишкекте «Ырыс Ордо» конгресс-борбору жана 51 миң орундуу «Бишкек Арена» стадиону пайдаланууга берилгенин, бул өлкөнүн эл аралык иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жаңы деңгээлге көтөргөнүн баса белгиледи.

Баядамада айыл чарбасы боюнча айтылып, 10 айда продукциянын көлөмү 453,3 млрд сомго жетип, реалдуу өсүү 4,7 пайызды түзгөнүн белгиледи. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына 30,8 центнерге жеткенин, дыйкандар кирешелүү өсүмдүктөргө — кулпунай, малина, спаржага өтүп жатканын билдирди. 9 айда 10 476 дыйкан-фермерге 11,9 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенин, 1-октябрда «Кыргыз Асман» спутниги космоско учурулганын кошумчалады.

Транспорт тармагында быйыл 1 883 чакырым жолго асфальт төшөлгөнүн, Балыкчы – Кочкор темир жолу ачылганын, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жүрүп жатканын айтты. 9-июнда Кыргызстандын Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылышын жарандык авиациядагы маанилүү жетишкендик катары баалады.

Кен казып алуу тармагынан 2021–2025-жылдары бюджетке 217,9 млрд сом түшкөнүн, бул мурунку беш жылга салыштырмалуу 3,6 эсе көп экенин белгиледи. Мамлекеттик мүлктү башкаруудан быйыл 9 айда 53,8 млрд сом түшүп, жылдык план 210,7 пайызга аткарылган.

Сөзүнүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев санариптештирүү боюнча электрондук портал аркылуу 26,4 млн кызмат көрсөтүлгөнүн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 28 пайызга көп экенин айтып, индустриялаштырууда импортту алмаштырууга, экспорттук өндүрүшкө жана жергиликтүү чийки затты терең иштетүүгө артыкчылык берилерин баса белгиледи.