Шабдан баатыр жана Иманалы Айдарбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн курулуш иштери уланууда
Новость

Бишкектеги жол инфраструктурасында дагы бир чоң өзгөрүү! Шабдан Баатыр жана Иманалы Айдарбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн курулушу кызуу уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришти.

Учурда экинчи көпүрөгө бетон куюлуп, негизги устундары орнотулуп жатат. Ошондой эле жер жумуштары жүрүп, конструкциялар бекемделүүдө.

Курулуш иштери белгиленген графикке ылайык аткарылууда. Белгилей кетсек, 2026-жылдын аягына чейин Шабдан Баатыр көчөсү тараптагы жол тилкесин убактылуу ачуу пландалууда.

Жаңы көпүрө пайдаланууга берилгенде бул аймактагы жол кыймылын жакшыртууга жана шаар тургундарынын жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүүгө өбөлгө болот.