Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңеште бюджеттин аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары тууралуу отчет берди
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңеште үч каржылык документ боюнча баяндама жасады: 2025-жылга бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет, 2026-жылга киргизилген өзгөртүүлөр жана 2027–2029-жылдарга бюджеттин долбоору.

МинКаб башчысы депутаттарга биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдирип, 2025-жылы ИДПнын өсүшү 11,1 пайызды, ал эми 2026-жылдын 10 айында 10,5 пайызды түзгөнүн билдирди.

«ЭВФтин маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин төрттүгүнө кирди. ИДПнын көлөмү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 2 триллион сомго жакындады, ал эми 2026-жылы 2 триллион 353 миллиард сом деңгээлинде күтүлүүдө. Калктын жан башына ИДП 22,5 пайызга өсүп, 2025-жылы 3 080 долларга жетти, 2026-жылы 3 600 доллар деңгээлинде болжолдонууда», — деп баса белгиледи МинКаб башчысы.

Ал реформалардын натыйжасында 2025-жылы 273 миң, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 88,3 миң жумушчу орун түзүлгөнүн белгиледи. Негизги капиталга инвестициялар 2026-жылдын 10 айында 422,9 млрд сомго жетип, 62,9 пайызга өстү. Түз чет элдик инвестициялардын агымы 2025-жылы 1 млрд 310,8 млн долларды түздү, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 26 пайызга өсүп, 709,9 млн долларга жетти. S&P («B+»), Fitch («B») жана Moody's («B2») эл аралык агенттиктери өлкөнүн туруктуу кредиттик рейтингдерин ырасташты.
«2025-жылдын консолидацияланган бюджети дээрлик 400 млрд сомго ашыкча аткарылып, 1,1 трлн сомдон ашты, ал эми республикалык бюджеттин кирешелери 2026-жылдын 10 айында рекорддук 693,8 млрд сомду түздү. 2026-жылы айлык акылар эки жолу — 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып жогорулатылды, ошондой эле президенттик компенсациялар киргизилди», — деп билдирди Адылбек Касымалиев.

МинКаб башчысы тышкы соода жүгүртүү 2026-жылдын 9 айында 16,6 пайызга өсүп, 14,1 млрд АКШ долларын түзгөнүн, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода 2025-жылы 6,8 млрд долларга жакындаганын маалымдады.
Ишкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча чаралардын алкагында: Насыялар жылына 6 пайыз менен, ал эми тигүү тармагына — 0 пайыз менен берилет;
Бизнес үчүн уруксат берүүчү документтердин саны 905тен 439га чейин кыскартылды;
2025-жылдын 1-январынан тартып транспорт салыгы жоюлду, акциздик товарлардан башка бардык товарларга ЭТТН жоюлду, ал эми зергерлер үчүн ставка 0,25 пайызга чейин төмөндөтүлдү;
«Өкмөттүк акселераторлор» программасы аркылуу ири объектилерди курууга уруксат берүү мөөнөтү 180 күндөн 60 күнгө чейин кыскартылды, оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө уруксат берүү онлайнга которулду (3 күндөн 1 саатка чейин), санпаспорт алуу 8 күндөн 4 күнгө чейин кыскарды.

Адылбек Касымалиев РКӨФ 2025-жылы 176 долбоорго 239,4 млн доллар, КӨӨФ 37 долбоорго 85,4 млн доллар каржылаганын, ВКӨФ 6 долбоорго 12,9 млн доллар бөлгөнүн, ал эми АКӨФ 76,7 млн долларга 11 инвестициялык долбоорду жактырганын билдирди.

«Банк секторунун активдери 2026-жылдын 1-октябрына карата 24,2 пайызга өсүп, 1 триллион 504,8 миллиард сомду түздү. Мамлекет өз банктарын түп-тамырынан бери чыңдады: «Айыл Банктын» уставдык капиталы 79,8 миллиард сомго, «Элдик Банктын» — 81,3 миллиард сомго, Өнүктүрүү банкынын — 22,7 миллиард сомго чейин көбөйтүлдү. «Элдик Банк» менен «Айыл Банктын» жалпы насыя портфели 229,6 миллиард сомго жетип, бул реалдуу секторду масштабдуу насыялоону кепилдейт», — деп жыйынтыктады МинКаб башчысы.