Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Вакциналарды сактоочу кампа куруу жөнүндө" тескемесин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте, Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ) каржылык колдоосу жана ЮНИСЕФтин техникалык көмөгү менен Бишкек шаарында вакциналарды сактоочу жаңы шаардык кампаны расмий ачты.
Жаңы объекттин ачылышы вакциналарды сактоо жана бөлүштүрүү шарттарын жакшыртууга, "муздак чынжыр" талаптарынын сакталышын камсыз кылууга жана медициналык уюмдарды коопсуз жана натыйжалуу вакциналар менен үзгүлтүксүз камсыздоо ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул кампа борбор калаада жашаган 350 миңге жакын баланы эмдөө үчүн вакциналарды жеткирүүдө да маанилүү роль ойнойт.


