Бишкектеги №64 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында турат
Новость

Бишкек шаарынын 8-кичи районундагы №64 мектепке 800 орундуу жаңы имарат курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик аяктап калды.

Архитектуралык долбоорго ылайык, жаңы мектептин жалпы аянты 6846 чарчы метрди түзүп, имарат үч кабаттан турат. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Алсак, атайын предметтик окуу класстары, лаборатория, ашкана, китепкана, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана эл аралык стандарттарга жооп берген спорт зал бар.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштери «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылууда. Курулуштун ар бир этабы жана аткарылып жаткан иштер Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүүдө.