Кадамжай районунда 60 үй-бүлөгө арналган "социалдык шаарча" курулууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
"Ихсан социалдык шаарча" долбоору турмуштук оор кырдаалга кабылган, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, жалгыз бой энелерди жана туруктуу турак жайы жок жарандарды колдоо, алардын жашоо шарттарын жакшыртуу максатында ишке ашырылып жаткан социалдык маанидеги демилге болуп саналат.
Долбоор "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, Көк-Талаа айылындагы 4,30 гектар жер тилкесинде курулууда. Долбоордун жалпы сметалык баасы 98 млн 647 миң сомду түзөт.
Долбоордун алкагында 60 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу үчүн турак үй, 225 орундуу жалпы билим берүү мектеби, 75 орундуу бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, калкты жумуш менен камсыз кылууга багытталган тигүү цехи жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу дүкөн куруу каралган.
Социалдык шаарчанын негизги максаты – муктаж үй-бүлөлөргө турак жай берүү менен гана чектелбестен, алардын сапаттуу билим алуусуна, медициналык кызматтардан пайдаланууга, балдардын мектепке чейинки тарбия алуусуна жана эмгек менен камсыз болушуна шарт түзүү.
Курулуш иштери 2026-жылдын август айында башталган. Долбоорду 2027-жылдын сентябрь айында толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландаштырылууда.


