Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков БУУӨП Кыргызстандагы Өлкөлүк программалык комитетинин жыйынына катышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 19-ноябрда, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк программалык комитетинин жыйынына катышты.

Жыйынга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, ошондой эле академиялык жана эксперттик чөйрөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков өз сөзүндө улуттук коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын өз ара байланышкан жана ажырагыс бөлүктөрү экенин белгиледи. Азыркы учурдагы чакырыктар менен коркунучтар жөн гана кесепеттерге каршы чараларды көрүүнү эмес, алардын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүнү, мамлекеттин институционалдык туруктуулугун бекемдөөнү, ошондой эле мамлекеттик органдардын пайда болуп жаткан тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана зыянсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү мамилени талап кылат.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Өлкөлүк программалык комитетинин жыйынынын жыйынтыгында, мурда ишке ашырылган долбоорлор жогору бааланып, алдыдагы жылдарга карата кызматташуунун негизги артыкчылыктуу багыттары аныкталды.