Таласта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүлдү
Новость www

POST1RIGHT

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун демилгеси менен майыптардын эл аралык күнүнө карата, жүздөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүлдү. Анын алкагында майып балдарга белектер тапшырылды.

Буга чейин бул күнгө карата Социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкө боюнча майыптар үчүн 60 коляска тараткан. Министрликтин маалыматы боюнча өлкөдө 178 миңге жакын майып адам жашайт. Алардын 29 миңи балдар.