Апрель айында жааган кар багбан дыйкандарга зыян алып келди
Новость

Элдик репортер рубрикасына Лейлек районунун Көк-Таш айылынын тургуну Кубанычбек мырзадан видео келген. Кубанычбек мырза мезгилсиз жааган кар жаңы бутактары бүчүрлөгөн бактарга зыян келтиргендигин айтып, жазгы дыйканчылык кандай болооруна кабатырланган. Болжол менен кардын калыңдыгы 8 сантиметр. 

Ал эми экинчи окурман, Аксы районунун тургуну жаңгактарды үшүк алып кеткендиги жөнүндө маалымдады.




Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.