Быйыл өлкөдө 15 ирригациялык объектинин курулушу башталды
Новость KTRK/videograp

2026-жылга чейин сугат суусу боюнча мамлекеттик программанын үстүндө жигердүү иш жүрүп жатат. Үч баскычта 46 объектини куруу камтылган болсо анын айрымдарын салууга ири инвесторлор менен макулдашуулар бар жана курулуш жумуштары ийгиликтүү уланып жатат. POST1RIGHT

Быйыл өлкөдө он беш ирригациялык объектинин курулушу башталды, жыл аягына чейин анын алтоо бүткөрүлсө келерки сугат маалына пайдаланууга болот. 

Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан ирригацияга өзгөчө көңүл буруу учур талабы. Анын үстүнө өлкө калкынын 70%ы элет жергесинде жашагандыктан жер менен жан багат. Ошондуктан сугат суу мол түшүмдүн өбөлгөсү.