POST1RIGHT
Ысык Көл облусуна жаңы жетекчи дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-августа кол койду.
Облус башчылыгына буга чейин Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп эмгектенип келген Акылбек Осмоналиев келди. Бүгүн 2-августа жаңы өкүлдү облус активине өкмөттүн аппаратынын башчысы Мурат Муканбетов тааныштырды.
Буга чейин Таласта эл менен жолукканда Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлерди ротация кылууну убада кылган. Ага ылайык Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча мурдагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусуна которулган эле. Эми жаңы жетекчинин Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдө кандай жаңы иш-пландары, долбоорлору бар?
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Бакыт кызы Айсулуу, "Биринчи радио"